Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлктү башкаруудагы реформа
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик мүлктү башкаруудагы реформа

Мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүлүп, келечекте жеке менчикке өткөрүлөт. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистери жеке тараптарга берилет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөр болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өтүшү мүмкүн.

Мамлекет эки үч жылдан бери өз мүлкүн инвентаризация кылып, санын тактай албай келет. Иш башталганы менен жарытылуу жыйынтык айтылып, мамлекеттин мынча мүлкү бар деген маалымат айтыла элек. Ошол эле учурда мамлекет өз карамагындагы ишканаларын толук иштете албай, имараттары каралбай жатат. 

Мамлекет начар менеджер экендигин экономисттер дайым эле белгилешет. Каралбай бош турган имараттарды жеке секторго берип, иштетүү керек экени айтылып эле жүрөт. Узаган аптада президент да бул тууралуу өз пикирин билдирди. Ал дагы мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганын айтып, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. 

Өлкө башчы бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү боло турганын айтты. Андан соң мамлекеттик мүлк фондун жоюу демилгесин көтөрдү. Азыркы аталган фонд экономика жана каржы министрлигинин карамагында иштеп жатат. Мекеме төрагасы мамлекеттик мүлктүн саны толук тактала тургандыгын билдирди. Андан соң пайда алып келип жаткан ишканалар жана стратегиялык объектилерден башкасы менчикке бериле турганын маалымдады.

Экономиканы билген адистердин айтымында бул демилге туура көтөрүлдү. Мамлекеттин эсебинде каралбай бош тургандан көрө, жеке секторго берилип, киреше алып келгени дурус. Бирок менчикке өткөрүүдө ачык айкындуулук болуусу шарт. Бул жерде да кол ийрисине тарткан, кара схемалар иштеп кетпеши керек. 

Белгилей кетсек мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн буга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, он бешинчи жылы өкмөт токтом токуган. Анда Сингапур, Малайзия, Норвегиядагыдай кылып тармакты реформа кылабыз делгени менен, иш ордунда кала берген. Эми минтип мамлекеттик мүлктү туура колдонуп пайда табуу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып отурат. Адистер, тармакты туура жолго салуу чындыгында эле учур талабы экенин айтышат.