Жаңылыктар
Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт
Спорт
Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди. Иш-чара 22-23-майга белгиленди. 

Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат. Аларга эки түрдөгү программа жана эстафетага катышууга уруксат берилет. Мелдеш Дүйнөлүк атлетиканын эл аралык эрежелери менен өтөт. Эстафеталык жарышта команда жок болгон же катышуучу үчтөн кем болуп калган учурда мелдеш өткөрүлбөйт.