Өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун айылдарын кайрадан калыбына келтирүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты. Тараптар өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда биргелешкен аракеттерин координациялоочу аянтча болгон координациялоо тобун түзүшкөн. Бул аракеттердин алкагында гуманитардык команда түзүлүп, алар жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келишкен.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун тутумунун туруктуу координаторуна куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жасалган ыкчам аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди. Баткен облусу чукул мезгилге гана эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендиги белгиленди. Ушуга байланыштуу министрдин биринчи орун басары БУУнун Баткен облусунун экономикасын кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөөрүнө жана эл аралык уюмдар тарабынан жардам тартуу боюнча иш жүргүзүүсүнө үмүт арта тургандыгын билдирди.