Жаңылыктар
Прокурордун унаасы жарылып, жаракат алды
Кылмыш
Прокурордун унаасы жарылып, жаракат алды

Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Орто-Сай айылында прокурордун унаасы жарылып, жаракат алды. Учурда ал №4 шаардык ооруканасына жаткырылды. Дарыгердин айтуусунда, 34 жаштагы Эркин Курманалиевдин абалы оор.  

Жарылуудан анын бир колу жулунуп кеткен. Башкы прокуратура бул маалыматты тастыктап, кызматкер жабыркаганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, жабырлануучу Эркин Курманалиев төргөө башкармалыгынын ага прокурору болуп иштеп келген.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118

ФОТО: МВД