Жаңылыктар
Таластан Баткен элине курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Таластан Баткен элине курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жөнөтүлдү

Талас шаарынан Баткен элине 3 чоң жүк ташуучу унаа менен курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле Бакай-Ата районунун Май, Өзгөрүш айылдарынын тургундары тарабынан 32 тонна цемент чогултулду. 20 тонна тилинген тактай, 20 тонналык жүк ташуучу унаага азык-түлүк жүктөлдү. Ал эми өкүлчүлүк тарабынан 1 тонна 200 литр күйүүчү май даярдалды. Айтымдарында, аманат дарегине жетиш үчүн иш алып барууда. Эми иш-чара жыйынтыкталып, жалпы элге ыраазычылык билдирүү менен жардам чогултуу боюнча талап болбосо иш токтотулат. Ошондой эле кандай учур болбосун, ынтымакта мекен үчүн иш алып барууну улантылат.