Жаңылыктар
Кытайда кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайда кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында тышкы иштер министрлеринин «Борбордук Азия - Кытай» аталышындагы 2-кеңешмесинин аянтчасында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жолукту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген бирдиктүү пикирди билдиришти.Өзбекстандын Тышкы иштер министри Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Руслан Казакбаев өзбек тараптын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бургандыгы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.Эки тараптуу жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Министр Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргызстанга ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында конкреттүү долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жолу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле, 2021-жылы Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.