Жаңылыктар
Тайлак Баатырдын мааракеси Соң-Көл жайлоосунда өтөт
Маданият
Тайлак Баатырдын мааракеси Соң-Көл жайлоосунда өтөт

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында, эртең Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда Тайлак Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чара өтөт.

Анын расмий ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Тарыхый инсандын 220 жылдыгын белгилөө алкагында театралдаштырылган оюн-зоок, республикалык фольклордук-этнографиялык топтордун жана эстрада жылдыздарынын гала-концерти пландаштырылган. Ошондой эле улуттук ат спорт оюндарын камтыган маданий программа өтөт.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118