Жаңылыктар
Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлардын курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлардын курулушу башталды

Лейлектин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернациональное айылдарында жумушчу сапар менен болду. Облус башчысы президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты.Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулаарын, кыска аралыкта үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгиледи. 

Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды.Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.Максат айылында 1 200 адам, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.