Мамлекеттик тарых музейинин германиялык компанияга 225 миң доллар карызы бар. Аталган сумма төлөнгөндөн кийин гана маданий жай иштеп баштайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөргөн көчмө жыйында айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда", — деген министр. Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү жана музей ушул жылдын 31-августунда ишке кириши керектигин белгилешкен.
Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда 2018-жылдын май айында депутаттар музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп, наркы ачыкталган. Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоо жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн.