Жаңылыктар
Маданият айылында мектептин курулуш иштери аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият айылында мектептин курулуш иштери аяктоодо

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Маданият айылында мектептин курулуш иштери аяктоодо. Аталган билим берүү мекемеси 225 окуучуга эсептелген. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Бул билим берүү объектисинин даярдыгы 99%-ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, учурда аймакты жашылдандыруу, мектептин ашканасы жана окуу жабдуулары орнотулууда. Курулуш иштери быйылкы жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинен башталган. Анын сметалык баасы 890 миң 800 долларды түзүп, бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 513 миң 258 доллар каржыланган. Мектеп 2021-жылдын май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет.