Жаңылыктар
Кызыл-Суу дарыясына 300 метрлик дамба орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Суу дарыясына 300 метрлик дамба орнотулат

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Чоң-Алай, Алай райондоруна иш сапар менен барып, райондордун сел алуу кооптуулугу жаралган аймактары менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Чак, Жаш-Тилек айылдарын туташтырган көпүрө, ошондой эле бир канча кичи көпүрөлөр кооптуу абал жаратып калган. 

Сары-Таш - Карамык эл аралык маанидеги унаа жолунунун 116-117-чакырымдарындагы бөлүгү да кооптуу абалга келген. Кызыл-Суу дарыясынын ашып кетүү коркунучу жаралган. Жарасул Абдураимов жерине барып, тиешелүү кызматтарга маселени чечүү жолун айтып, тапшырма берди. Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли акыркы жолу 1982-жылы көтөрүлгөн. Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам деңгээли дагы көбөйүп, кооптуу аймактар жаралды. Сары-Таш - Карамык жолунун аталган чакырымына 300 метрлик дамба орнотулат. Ошондо эл аралык маанидеги жолго кооптонууга негиз калбайт. Ошондой эле, Кызыл-Суу дарыясына бетондон тосмо орнотулса, селдин алдын алууга болот.