Бишкекке газ менен жүргөн 350 экологиялык автобус келет. Аны алып келүү боюнча меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынынын жетекчилиги 11-майда кол коюшту.
Меморандумга ылайык, ишкана бир жыл аралыгында борбордук каттамга Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапониялык ISUZU үлгүсүндөгү 350 экологиялык, газ жана күйүүчү май менен иштеген автобустарды жеткирүүнү милдеттенет. Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына ушул жылдын 1-июлуна чейин чыгат.
Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын экологиясын жана таза абасын сактап калуу маанилүү экенин айтып, буга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдар аралыгында ишкана экологиялык автобустардын санын 1 миң даанага жеткирүүнү пландаштырууда, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлүү автобустар бар.
Эске салсак, бир ай мурун Самарканддагы автомобиль заводу өзбек өнөктөштөр менен жолугуушунун алкагында меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилген. Бул соңку эки айда иштелип чыккан жаңы долбоор.