1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Эми 1-июлдан баштап медицина тармагындагы башка кызматкерлердин эмгек акысы 50%га, кенже жана техникалык тейлөө персоналдардын базалык маянасы 40%га жогорулайт.
Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди. Айтымында, быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердигинин индикаторлорунун аткарылышы 58,8%ды түздү. Ошол эле учурда 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк медиктерге индикаторлорду аткаргандыгы үчүн кошумча төлөмдөр токтотулду.