Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 27 добушканадагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.
Мындай сунушту Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов берип, БШКнын сегиз мүчөсү колдоп, төртөө каршы добуш берди. Бекматов Ошто жапырт каттоого тургузуу болуп, үгүт иштеринин эрежелери бузулганын айтты. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса кайра шайлоо болушу керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими президентке жөнөтүлүп, өлкө башчы эми кайра шайлоонун датасын аныктайт. 11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине шайлоодо тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: «Ата Журт - Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Ынтымак», «Ыйман-Нуру». Алты партия – «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Улуу Журт», «Республика», «Бир Бол» жана «Бүтүн Кыргызстан» - жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон.