Жаңылыктар
Ички иштер министри Лейлек, Баткен райондорундагы чек ара чырынан жапа чеккен айыл тургундары менен жолугушту
Чек ара
Ички иштер министри Лейлек, Баткен райондорундагы чек ара чырынан жапа чеккен айыл тургундары менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорундагы айылдардын тургундары менен жолугушту. 

Ошондой эле, Жаңы-Жер, Кулунду, Максат жана Көк-Таш айылдарындагы ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринен кабар алып, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, тамак-ашы, жаткан жери, жабдыктары менен таанышты. 

Министр аталган айыл-аймактардагы талкаланган айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдына жаңы имарат салуу боюнча долбоорду карап чыгып, аны тез арада кайра калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди. Баткен облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кошумча күч катары барган милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында өз ишмердүүлүгүн улантууда.