Жаңылыктар
Орозо айт намазы Эски аянтта окулбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо айт намазы Эски аянтта окулбайт

13-майда Орозо айт намазы Эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын буйрук чыгарды. 

Чечимге ылайык, аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде гана окулат. Ал эми Бишкек шаарында Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы белгилеген мечиттерде гана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактоо менен окулат. Намаз убактысы эртең мененки 7:30дан 8:00гө чейин белгиленди. Айт намазына келген ар бир жарандан коомдук коопсуздукту сактоону Дин иштери комиссиясы өтүнөт. 

Белгилей кетсек, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы аймактык бөлүмдөрүнө Орозо айт намазы учурунда мечиттердеги коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.