Жаңылыктар
ИИМ: көп кабаттуу үйлөрдө жашаган ата-энелер терезе ачууда балдарга сак болуңуздар
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: көп кабаттуу үйлөрдө жашаган ата-энелер терезе ачууда балдарга сак болуңуздар

Балдардын коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүү фактылары катталып жаткандыгына байланыштуу ИИМ үйдө да балдардын коопсуздугун сактоого чакырат. Балдарды кароосуз таштабай, өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда балдарга көз салуу керектигин эскертет. Анткени терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт. Терезелердин толук ачылбашы үчүн  блокираторлорду орнотуу да кырсыктын алдын алат. 

"Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар! Жылуу мезгил келгендигине байланыштуу бардыгыбыз терезелерди ачып коюп жатабыз. Бул кичинекей балдарыбыз үчүн кооптуу болушу ыктымал. Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдарыбыз кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет",- деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.