Түркиянын "Маариф" фонду жаңы окуу жылында Бишкекте аянты 11 миң чарчы метрди түзгөн мектептин кампусун ачат. Анда 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев "Маариф" фондунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду.
Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, фонддун мектептеринде сабактар кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Андан тышкары, химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.