Жаңылыктар
Кытай Кыргызстанга дагы 150 миң доза вакцина берет
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай Кыргызстанга дагы 150 миң доза вакцина берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Сиань шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ван И менен макулдашылган. Анда Кытай тарап гуманитардык жардам иретинде коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын дагы 150 миң дозасын берүүгө даяр экенин айткан. 

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга буга чейин да 150 миң доза Sinopharm препаратын бекер берген. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19га каршы Sinopharm вакцинасынын кыйыр таасири катталбаганын маалымдаган.