Жаңылыктар
Израилдин соккусунан Газа тилкесиндеги 30дан ашык палестиналык каза болду
Дүйнө
Израилдин соккусунан Газа тилкесиндеги 30дан ашык палестиналык каза болду

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларынан курман болгондордун саны 30га жетип, 203 адам жаракат алды.

Бул тууралуу Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында 10 бала бар.

Бир күн мурун Газа тилкесиндеги палестиналык каршылык көрсөтүү топтору Израиль полициясынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги Акса мечитинин жана Шейх Джеррах кварталынын аймагынан чыгып кетишин талап кылышкан.

Израиль полициясы талапты аткаруудан баш тарткандан кийин, Палестина топтору Израил тарапка көптөгөн ракеталарды учурушкан. 

Ага жооп катары Израиль армиясы Газа тилкесине каршы "Дубалдын коргоочусу" деп аталган аскердик операция башталганын жарыялаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Израиль полициясы Чыгыш Иерусалимдеги исламдын ыйык жайларынын бири болгон “Аль-Акса” мечитинин аймагына кол салып, мечитте ибадат кылып жаткан мусулмандарды кууп чыгууга аракет кылышкан . Израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы кагылышуу куптан намазынан кийин орун алган.

Израиль аскерлери гранаталарды колдонушуп, аларга палестиндиктер таш менен жооп кайтарышкан. Окуянын кесепетинен ондогон мусулмандар жаракат алган.

Ошондой эле Израиль полициясы медицина кызматкерлерин Аль-Акса мечитине киргизбей койгону айтылган.