Жаңылыктар
Лабораторияларда коронавирустун түрлөрүн аныктоого үйрөтүүчү эл аралык эксперттер Бишкекке келди
Кыргызстан жаңылыктары
Лабораторияларда коронавирустун түрлөрүн аныктоого үйрөтүүчү эл аралык эксперттер Бишкекке келди

Бишкекке Берлиндеги Шарите университетинин Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык жана вектордук оорулар институтунун жана Германия эл аралык кызматташтык коомунун биргелешкен медициналык миссиясы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жети адамдан турган эксперттер тобун Шарите университетинин профессору Дрекслер жана Марциновский институтунун директору Лукашев жетектешет. Алардын ишинин негизги багыттарынын бири - Кыргызстандагы лабораторияларда коронавирустун ар кандай түрлөрүн аныктоого үйрөтүү. Ушул максатта миссия биринчи кезекте коронавирусту ырааттуулук жана анализдөө жаатында колдоого алынуучу Улуттук маалымдама лабораториясы менен кызматташат. 

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери диагностика жана биологиялык коопсуздук боюнча окутуулардан өтүшөт. Техникалык тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берүүдөн тышкары, 50 миң ПЧР-тест жана экстракция топтому, реагенттер Кыргызстандын лабораторияларына берилет. 

Пандемиянын олуттуу кесепеттеринен улам, Германия буга чейин Кыргызстанга кычкылтек жабдууларын, коргоочу кийимдерди, ПЧР-тесттерди, керектелүүчү материалдарды жана гигиеналык каражаттарды берген. Германиянын каржылоосу менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананын тез жардам бөлүмү COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 2020-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилген.