Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 11-май күнү, саат 13:20лар чамасында Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүргөн. Бала ошол учурда мал кайтарып жүргөн. Тестиерди туугандары таап, ооруканага алып бара жаткан учурда каза болуп калганы айтылат.