Бир күндүк издөө иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну аныкташты. Айдоочу, 18 жаштагы кыз болуп чыкты жана анын айдап жүргөн «Windom» үлгүсүндөгү автоунаасы атайын токтотучу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Окуя 10-май күнү катталып, Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин билдирген.
Натыйжада, алган жаракаты менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардамга кайрылууга мажбур болгондугун маалымдаган. Аталган арыз Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренеси (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.