Прокурордук текшерүүдө Кыргызстанда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 млн. сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы жабык акционердик коом айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн каражат төлөнбөгөндүгүнө карабастан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга өндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбөлүк жана 726 гектар жер тилкесин берген.
Аны менен катар, өкмөттүн 2016-жылдын 5-январындагы токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин” бузуу менен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 млн. 624 миң 620 сом деп эсептелинген. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгынын билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 млн. 739 миң 682 сом экендиги такталган.
Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан сөз болуп жаткан ишкана жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында төлөбөгөндүктөрү жана алынбай калган пайданы өндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген. Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 млн. 307 миң сом өндүрүү жөнүндө чечим чыкты.
Белгилей кестек, Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурунун наркы белгиленген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.