Жаңылыктар
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата “Улуу патриот” аталган фотодокументалдуу көргөзмө өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата “Улуу патриот” аталган фотодокументалдуу көргөзмө өттү

Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ал “Улуу патриот” аталышындагы фотодокументалдуу көргөзмө менен коштолду. 

Жыйынга ишмердин туугандары, анын атындагы фонддун өкүлдөрү, Орусия, Казакстан, Өзбекстан элчиликтеринин өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин кызматкерлери, аларга тиешелүү архив агенттигинин кызматерлери жана маданияттын өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахмановдун эли үчүн жасаган эбегейсиз эмгектери эскерилди.