2021-жылдын январь-апрель айларында өндүрүлгөн продукциясынын көлөмү 98 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Эльвира Исенкулова брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өнөр жай продукциясынын көлөмү химиялык продукцияларды, негизги металлдарды жана унаа жана жабдыктардан тышкары даяр металл буюмдарды, фармацевтикалык продуктыларды өндүрүүнүн көлөмүнүн, пайдалуу кен байлыктарды казуунун кыскарышынын эсебинен 12%га азайган. Ошондой эле, бул убакка курулуштун көлөмү 17% азайган. Ал эми, айыл чарбасында 1%га, дүң жана чекене соодада 2,8%га өсүү байкалган.