Жаңылыктар
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы кыздар курама командасы Азия Кубогуна катышат
Спорт
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы кыздар курама командасы Азия Кубогуна катышат

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курама командасынынын мүчөлөрү 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Азия Кубогуна катышат.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мелдешке  төмөнкү спортчулар катышат: 

1.  Жанар Жолдошева, СЧ, 52кг;

2. Адина Кочконбаева, СЧ, 57 кг;

3. Ирина Черемушкина, СЧТ, 48 кг;

4.Елена Исакова, улук машыктыруучу. 

Белгилей кетсек, спортчулар 11-майдан 16-майга чейин Алматы шаарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.