Жыл башынан бери коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине 75 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Айтымында, министр болуп келгенден бери 1 миң 137 медкызматкерге кенемте төлөнүп берилген. Учурда дагы 27 медкызматкер кенемте алуу алдында турат. Калган 988нин документи райондук комиссияга жиберилген. 11-январда чыккан буйрукка ылайык, райондордо атайын комиссия түзүлүп, документтер каралууда.
Ошондой эле министр “кызыл тилкеде" иштеп жаткан дарыгерлер күнүнө 3 миң сом, медайымдар 2 миң 500 сом, кенже кызматкерлер 2 миң 200 сомдон алып жатканын билдирди.