Жогорку сот Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата чыккан соттун чечимине түшүндүрмө берди.
Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Каныбек Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.
Азыркы Жазык процессуалдук кодексте актоонун негизи катары күнөөсү далилденбегендиктен актоо каралбагандыгына карабастан, соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алууда Жазык процессуалдук кодексинин 340-беренесинин талаптарын бузуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн негиз менен акташкан.
Жогорку сот жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми Каныбек Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.