Жаңылыктар
“Кайрат” Гүлжигит Алыкулов тууралуу “Жига” аталышындагы даректүү тасма чыгарды
Спорт
“Кайрат” Гүлжигит Алыкулов тууралуу “Жига” аталышындагы  даректүү тасма чыгарды

Алматылык “Кайрат” футбол клубу кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов тууралуу “Жига” аталышындагы даректүү тасма тартты. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Тасмада футболчу карьерасынын башталышы, Европа чемпионатындагы оюну, Казакстан менен Кыргызстандын маданияттарынын окшоштугу, Алматы клубуна өтүү чечимине эмне таасир эткендиги жөнүндө айтып берет.

20 жаштагы футболчу Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубу менен 2020-жылы келишим түзгөн. Бул аралыкта 30 беттеш өткөркөнгө жетишип, 3 голдун автору болгон.

Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айында футболчу алматылык клуб менен келишимин 2023-жылдын аягына чейин узарткан.

Тасманы “Кайрат” командасынын Youtube-каналынан көрсөңүз болот.