Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаарында кайрымдуулук менен коштолгон иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек шаарында кайрымдуулук менен коштолгон иш-чара өттү

Бүгүн Бишкек шаарында жүрөк кубанткан жакшы иш-чара болуп өттү. Ашкере чыгым менен өткөрүшкөн үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна, жаңыдан баш кошкон жубайлар аз камсыз болгон уй бүлөлөрдүн мектепке бара турган балдарына керектүү нерселерин сатып беришти. 

Буга чейин кайрымдуулук менен алектенип келген жаш активисттер, толкундануу менен балдарга белектерин тапшырып, майрамдык дасторкон жасап, оюн-зоок уюштуруп беришти.

Жаштардын айтымында "Калктын аз камсыз катмары" министирлигинен жашоо шарты оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн тизмегин алып, алар менен байланышкан.

Эки тараптык макулдашуу менен өткөрүлгөн тойдун максаты, көп чыгым талап кылган тойлорду азайтып, кайрымдуулукка басым жаштарды чакыруу. 

Мындай үлгүлүү иш-чаралар көп болуп туруусу үчүн, алар жакында баш кошо турган түгөйлөргө эстафетаны макулдашуу менен өткөрүп беришти.