Президент Садыр Жапаров Бишкектеги «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясында болду. Аталган мекемеде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук өңдүү мезгил талап кылган багыттарда билим берилет. Өлкө башчы менен жолугууда академияга улуттук макам берүү, мугалимдердин айлыгын көтөрүү, окуу жайды техникалык жана инфратүзүмдүк жактан жабдуу маселелери көтөрүлдү.