Ош шаарында, 11-апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андагы 27 шайлоо участкасындагы жыйынтык жараксыз деп табылып, добуш берүү кайрадан өтө турган болду. Анын мөөнөтү азырынча белгисиз. Буга чейин саясий күрөшкө ат салышкан айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдиришкен.