11-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө сел жүрүп, Үлгү жана Бекмамат Осмонов айылдарындагы турак жайлардын короосун суу каптап, үйлөрдүн жер төлөөсүнө чейин кирген. Дыйканчылык талаалары жабыркаган. Азыр зыяндын өлчмү такталууда.