"2021-жыл - Үй-бүлө жана жаңы технологиялар жылынын" алкагында, өлкөдө биринчи жолу бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөр үчүн атайын адистер даярдалды. Жакынкы күндөрү алар кароосуз калган балдарды камкордукка алуучу фостердик үй-бүлөлөрдү окута башташат. Алар Молдовалык адистердин атайын окуу курсунан өтүштү. Максаты - балдар үйлөрүндө тарбияланган балдарды коомдун толук мүчөсү катары калыптандырып, өркүндөтүп ар тараптан колдоо.