Кар көчкүлөрүн азайтууга жана жол тармактарын сактап калууга мүмкүндүк берген "Бишкек - Ош унаа жолунун бөлүктөрүнүн кар көчкүлөрүнөн коргоо" долбоорун Кыргызстан Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен чогуу ишке ашырат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолукканда сүйлөшүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен JICAнын ортосундагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстанда транспорт, саламаттык сактоо жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде адамдык ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле Кыргызстандын адамдык дараметин чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн ачкычы болгон "Адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы" долбоору боюнча макулдашуу долбоорлоруна кол коюуга байланыштуу маселелерин сүйлөшүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.