Жаңылыктар
Өлкөдө биринчи жолу бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөр үчүн 11 улуттук тренер даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө биринчи жолу бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөр үчүн 11 улуттук тренер даярдалды

2021-жыл Үй-бүлө жана жаңы технологиялар жылынын алкагында, өлкөдө биринчи жолу бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөр үчүн атайын 11 улуттук тренер даярдалды. 

Жакынкы күндөрдү аталган адистер жер-жерлерде кароосуз калган балдарды камкордукка алуучу фостердик үй-бүлөлөрдү окута башташат. Алар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, психологдор жана социалдык кызматкерлер. 

Тренерлер "Балдар укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фонду жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен атайын Молдовалык адистердин окуу курсунан өтүшкөн. 15-май - эл аралык үй-бүлө күнүнө карата 11 тренерге сертификат тапшырылды. Учурда республика боюнча 56 бала асырап алуучу үй-бүлө бар, анда 100 бала тарбияланып жатат.