Жалпы өлкө боюнча кыргызстандык мусулмандар айт намазын окуду. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу орозо айттын негизги жөрөлгөсү эски аянтта эмес, мечиттерде аткарылды.
Беткап тагынып, аралыкты сактап, санитардык эрежелерди колдонуу талап кылынган. Эртең мененки саат жетиден тартып куттуктоо сөздөрү, баян айтылып, айт намазы жети жарымга жакын окулду. Борбордук мечиттеги иш-чараны КТРК түз алып көрсөттү.