Жаңылыктар
Өзбекстандын президенти Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын президенти Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Боордош өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы тарыхый, диний жана маданий жалпылыкка негизделген тыгыз коңшулук мамилелер акыркы мезгилдерде биздин күчтүү саясий эркибиз менен ар тараптуу ырааттуу бекемделип жана кеңейип келе жаткандыгын канааттануу менен белгилегим келет.

Биздин бекем чечкиндүүлүгүбүздүн жана жалпы аракетибиздин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өз ара колдоо, урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу жана натыйжалуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.