Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга чет өлкөдөн 543 миллион доллар которулганын маалымдады. Мында жеке тараптардын каражат которуу системасы аркылуу келип түшкөн акчасы гана эсептелген. Эгер бул маалыматты мурдагы жылдарга салыштырсак, азыркы статистика рекорддук көрсөткүч болуп калат.
Төмөнкү жылдары январь-март айларында мигранттар которгон сумма 400 миллион доллардан ашкан. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч 2012-жылы катталып, 363 миллион 800 миң долларды түзгөн.