5-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөт. Бул тууралуу аталган мелдештин уюштуруучулары билдирди.
Турнирдин программасына спорттун түрлөрү боюнча ушу-саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг, кикбокс, кармашуу, таэквондо, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ камтылган. Уюштуруучулар мелдешке 10го чукул мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүп жатканын айтып, 8 жаштан 40 жашка чейинки спортчуларды катышууга чакырып өтүштү.