Жаңылыктар
Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Жараткан Алла Таалам ыйык Рамазан айында туткан орозобузду, жакшы тилектерибизди, соопчулук иштерибизди кабыл кылсын. Билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечирсин. Рамазан айында жасаган сооп иштериңиздерди Жараткан Алла Таалам эселеп кайтарсын. Элибиз буга чейин пандемияда, жакында болуп өткөн чек арадагы Баткен окуясында бир муштумдай биригип жабыр тарткан бир туугандарыбызга жардам колун сунуп, кайрымдуулуктун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү. Ушул калыбыбыздан жазбай элибизге, мамлекетибизге, динибизге кызмат кылып, кыргыз элине мүнөздүү мыкты сапаттарыбызды көрсөтүп, дүйнө эли бизге суктанган, үлгү алган деңгээлге жетели. Ага биздин ыйманыбыз, маданиятыбыз, эркибиз жол берет. Элибиздин биримдигин дагы да арттырууда ыйманыбызды, ынтымагыбызды бекемдейли, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине ар бирибиз салым кошолу. Коомубузга адептүү, мекен үчүн күйгөн, билимдүү, илимдүү, акыл эстүү муунду тарбиялап чыгалы. Рамазан айында ар бир үй-бүлөгө ырыскы, бакубат жашоо, мекенибизде тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук, токчулук болсун" - деп айтылат Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосунда.