Жаңылыктар
Чочко тумоосу Казакстанда катталды
Ден соолук
Чочко тумоосу Казакстанда катталды

Казакстанда чочко тумоосу катталып, андан бир адам каза болду. H1N1 вирусу же чочко тумоосун жуктуруп, андан көз жумгандар дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде катталган. Өткөн жумада эле Украинада бул илдеттен ондонгон адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалган.

Мындан сырткары бул вирус менен Орусияда дагы ооругандар аныкталып, андан 5 адамдын каза болгон. Көбүнчө өлүм менен аяктаган H1N1 вирусу Украинада, Иранда, Грузияда, Арменияда жана башка өлкөлөрдө адам өмүрүн кыйып, жүздөгөн киши дарыланып жатат.

Эске сала кетсек, чочко тумоосу 2009-жылы Мексикада катталып, тез арада башка мамлекеттерге жайылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, андан бери оорудан 18 миңден ашуун киши жашоо менен кош айтышты.