Жаңылыктар
Соңку бир күндө коронавирус 329 адамдан аныкталып, 6 бейтап көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Соңку бир күндө коронавирус 329 адамдан аныкталып, 6 бейтап көз жумду

Соңку бир күндө коронавирустан 6 бейтап көз жумду. 329 адамдан оору аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 205, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда - 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 309 адам коронавирустан айыкты.

Акыркы бир күндө вирустан көз жумгандардын бешөө Бишкек шаарынан жана бирөө Чүй облусунан.

Соңку суткада 5 319 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 750 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 489 адам дарыланууда. Алардын ичинен 13 адам канааттандырарлык абалда, 1 миң 187 бейтаптын абалы орто оор, 468 адамдын абалы оор жана 82 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 645 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 92 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 681 адам каза болду.