Жаңылыктар
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалашты. 

Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар талкууланды. 

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы, кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, жабыркагандарга гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы учурда күн тартибинде турган маселелердин бардык спектри боюнча биргелешип аракет көрүүнү арттырууга даяр экендиктерин тастыкташты.