Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы мечитте айт намазы санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Мечитке кире бериште антисептик чачылып, ар бир жаран бет кап менен гана киргизилди.
Айт намазы башталганга чейин шаар мэри жана министрлер кабинетинин облустагы өкүлү куттуктоолорун жолдоп бул күндө ар бир мусулман кечиримдүүлүгүн, мээримдүүлүгүн жана кайрымдуулугун көргөзүшү керектигин айтып өтүштү. Айт күнү садага берүү, майрамдык маанайда болуу жана айттын түнүн Жаратканга ибадат кылуу менен өткөрүү керек.