Айт - “майрам” же “кубаныч” маанисиндеги сөз. Бул күнү көңүлдүү маанайда кезиккен ар бир мусулман боордошуна жылуу мамиледе болуусу зарыл.
Жайнамазын колуна алган Нуралы Кубанычбек уулу таң эрте Айт намазын окуганы мечитке жөнөп жатат. Нуралы мырза орозонун акыркы күнүндө жамаат менен биргеликте окула турган айт намазын жыл сайын калтырбайт. Мусулмандык парзын аткарып, быйыл 30 күн орозо кармаган.
Айт намазга жөнөгөндө мүмкүн болушунча шапай, жөө басып баруу сүннөт. Намазга жаңы же таза кийим кийип, жыпар жыттардан себинип алуу зарыл. Ал эми дин өкүлдөрү белгилегендей, мечитке эрте баруу менен көбүрөөк соопко татыктуу болушат. Себеби, эрте келгендер намаздын башталышын күтүп, зикир кылышат. Борбордук мечитке орозо айт намазын окуганы чогулгандарга облус казысы баян айтып берип, айт намаз 7 ден 20 мүнөт өткөндө башталды.