Теңир-Тоо жергесиндеги Орозо айт намазы Нарын шаарындагы “Азирети Али” мечитинде окулду. Жамааттык намазга келгендердин саны көп болгондуктан, борбордук мечиттин алдына жай намаздар жайылып, таза абада ибадат кылышты.
Анда облус казысы улуу күндүн маани маңызына токтолуп, баяндарды айтты. Аны менен катар облус башчысы Нарын элин Орозо айынын аякташы менен куттуктады. Айт намазга келгендер ыйык айда кыргыз калкынын башына туш болгон чек ара окуясынын кайталанбашын тилек кылып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтышты. Бул күнү кечиримдүү болуу менен бирге өлкө тынчтыгы жана ынтымагы үчүн тилектер тиленди.