Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты
Шайлоо 2023
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өз жыйынында кабыл алды. Буга шайлоого катышкан 3 партиянын шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болду. Буга чейин Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Эми аталган калааларда кайрадан шайлоо өтөт.