Бүгүн кыргызстандыктар мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири - Орозо айт майрамын белгилешүүдө. 30 күн бою орозо кармап, жан-дүйнөсүн ыйманга, мээримге, кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка толтурган кыргызстандыктар Орозо айт майрамын таң эрте мечиттерде айт намазын окуу менен башташты. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу айттын негизги жөрөлгөсү эски аянтта эмес, мечиттерде аткарылды. Бет кап тагынып, аралыкты сактап, санитардык эрежелерди колдонуу талап кылынган.